> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» компаниясы кирешесинин 1%ын спорт, маданият жана туризм тармагына берет
- URL: https://im.kg/all/2022/05/24/kumt-r-kompaniyasy-kireshesinin-1-yn-sport-madaniyat-zhana-turizm-tarmagyna-beret/
- Published: 2022-05-24T12:43:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр» компаниясы кирешесинин 1%ын спорт, маданият жана туризм тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлдорду каржылоого берет. Бул тууралуу «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын» жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк «Кыргызстандагы маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү – Жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы форумда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.**

Бөлтүрүк маданият саясатты дагы, мамлекетти дагы сактай алган чоң күч экенин [айтат](https://www.facebook.com/bolturuktengiz/posts/pfbid02KDSzryMt2tyJDjM23q5sERXZMDHjESVqDZ8xjZQcVB5y8mZ1wrbYBAYRsrst6FKbl). 

> **«**Кумтөр**»** компаниясы жана **«**Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы**»** улуттук холдингинин демилгеси менен Маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү боюнча фонд түзүлдү. Буюрса ишкана кирешесинин 1%ын аталган фондго которуп, аталган тармактардын **приоритеттүү долбоорлорун каржылап** турмай болду. 
> 
> Ошондой эле холдингге кирген башка компаниялар да Кумтөрдүн жолун жолдоп, каражат бөлүп турса жакшы болот. Ошентип бизнес маданиятка, спортко, туризмге өзү келип жардам колун сунуп жатат», – дейт ал.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Кумтөр жылдын аягында **220 млн доллар** таза киреше менен [чыкканын](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/22/kumt-r-zhyldyn-ayagynda-220-mln-dollar-taza-kireshe-menen-chykty-akylbek-zhaparov/) эске алсак, анын 1%ы2.2 млндоллар болот. Демек, болжол менен жылына ушундай суммадагы каражат бөлүнөт.