> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарынын мэри жол тыгынын азайтуу жана унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү боюнча тапшырмаларды берди
- URL: https://im.kg/all/2022/05/25/bishkek-shaarynyn-meri-zhol-tygynyn-azajtuu-zhana-unaa-toktotuuchu-zhajlardy-k-b-jt-bojuncha-tapshyrmalardy-berdi/
- Published: 2022-05-25T15:27:35.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:24:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Борбор калаанын мэри унаа тыгындарын азайтуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.**

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ПМББ жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери менен калаанын жолдорундагы тыгындарды азайтуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

> «Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине көйгөйдү чечүүнүн комплекстүү иш-планын талдап, иштеп чыгууну, Бишкек шаарынын ПМББ менен биргеликте биринчи пилоттук көчөлөр боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кошумча унаа токтотуучу жайларды жайгаштыруу үчүн шаардын жолдорун изилдөө керек.