> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь-март айларында экономиканын финансы секторунун кирешесинин 93%ын банк сектору камсыздады
- URL: https://im.kg/all/2022/05/25/ekonomikanyn-finansy-sektorunun-kireshesinin-93-yn-bank-sektoru-kamsyzdady/
- Published: 2022-05-25T13:39:32.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:12:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-март айларында финансы секторунда 24.4 млрд сом киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1.5 эсеге көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 93%ын банк сектору камсыздады. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

> Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 30%га көбөйгөн жана 12.6 млрд сомду түзгөн.

2022-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан **11.8 млрд сом** суммасында сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен дээрлик эки эсеге ашкан.

> Пайданын өсүшүнүн суммасынын дээрлик 75%ы Улуттук банк жана 22% – коммерциялык банктар менен камсыздалды.

**I кварталында** **экономиканын финансы секторунун пайдасы**

*(млрд. сом)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/image.png)

> 2022-жылдын январь-мартында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 61% түздү, ал эми уюмдардын 16% чыгым алды.

Бул жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда **591 уюм**, анын ичинде Улуттук банк, **23** коммерциялык банк, **309** күрөөканалар, **146** микрокредиттик уюмдар, **97** кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.