> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Июнь айында Самара, Новосибирск жана Казань шаарларына поезддердин каттамы жанданат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/25/ijun-ajynda-samara-novosibirsk-zhana-kazan-shaarlaryna-poezdderdin-kattamy-zhandanat/
- Published: 2022-05-25T14:09:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:57:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**6-9-июнь күндөрү Кыргызстандан Россияга эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддердин каттамы жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу»** **мамлекеттик ишканасынан билдиришти.**

Маалым болгондой, кыймыл төмөнкү багыттар боюнча жүрөт:

- **Бишкек – Самара**: 8-июндан баштап, Бишкектен шаршемби жана жума күндөрү, жумасына эки жолу жүрөт
- **Бишкек – Казань**: 6-июндан баштап, Бишкектен дүйшөмбү күндөрү, жумасына бир жолу жүрөт
- **Бишкек – Новосибирск**: 9-июндан баштап, Бишкектен сегиз күндө бир жолу каттап баштайт.

Ошол эле учурда бул поезддердин билеттери сатыкка чыга элек. «Кыргыз темир жолу» билеттерди сатуунун датасын кошумча жарыялоону убада кылды.