> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Россиядан күйүүчү майдын 70%ын рубль менен сатып ала баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/05/25/kyrgyzstan-rossiyadan-k-j-ch-majdyn-70-yn-rubl-menen-satyp-ala-bashtady/
- Published: 2022-05-25T17:11:59.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын нефтетрейдерлери Россиядан күйүүчү-майлоочу майды (КММ) рубль менен сатып ала баштаганын жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди.**

Анын айтымында, күйүүчү майды россиялык валюта менен ала баштагандарына бир айдай болуп калган.

> «Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер күйүүчү майдын 70%ын рубль менен, калганын доллар менен сатып алышууда. Алар орус валютасына жакында эле, 20 күн мурда өтүштү», – деди ал.