> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош калкын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорго тендер июль айында гана жарыяланат – жакында чечилбейт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/25/osh-elin-taza-suu-menen-kamsyzdoo-bojuncha-dolboorgo-tender-ijul-ajynda-gana-zharyyalanat/
- Published: 2022-05-25T10:47:42.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:09:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**23-майда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таза суу менен камсыздоо боюнча долбоордун тендери июль айында жарыяланаарын маалымат жыйынында билдирди.** 

Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат. .

> «Жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу алуучу тосмону 2.4 чакырымга жылдыруу долбоору даярдалган. Бул долбоордун алкагында азыркы «Плотина» суу тосмосунан диаметри 1000 мм болгон суу түтүгүн тартуу пландалууда. 

> Бул долбоор нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын учурунда жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин 75-80%га чечет. Бул долбоордун баасы **3 млн долларды** түзөт, каржылык колдоону гранттык негизде Азия өнүктүрүү банкы көрсөтөт. Учурда техникалык документтер даярдалып жатат, бул иштерди аткаруу үчүн **июль айында тендер жарыяланат**», –деди Ош шаарынын мэри.

Эскерте кетсек, 19-майда Ош шаарынын активисттери ар жааган жамгырдан улам токтоп калган таза суунун жоктугуна [нааразы болуп](http://localhost/info-portal/novosti/2022/05/19/zhiteli-osha-vyshli-na-akciju-s-trebovaniem-reshit-problemu-s-pitevoj-vodoj/), акцияга чыгышкан.