> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген
- URL: https://im.kg/all/2022/05/25/tk-n-zhyly-uluttuk-bank-mamlekettik-bjudzhetke-6-3-mlrd-som-chegergen/
- Published: 2022-05-25T12:50:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Жеңиш Нурбек билдирди.** 

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=2o6Wx2TCXU4) «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Улуттук банкынын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү чегерүүлөрдүн өлчөмүн 2021- жана 2022-жылдарга **70%дан 90%га чейин көбөйтүү** жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү максатында иштелип чыккан.

> «Маселелен, 2021-жылы Улуттук банктын таза кирешеси **9 млрд 192 млн сом** болсо, анын 70%ы республикалык бюджетке которулуп, тагыраагы, **6 млрд 300 млн сом** чегерилген. Эми 90% которулса, 8 млрд 100 млн сомдой каражат бюджетке түшөт», – деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

Ошондой эле ал Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана 400дөн ашуун микрокредиттик компания бар экенин маалымдады.