> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлгө сазандын 2.1 млн личинкасы кое берилди
- URL: https://im.kg/all/2022/05/25/ysyk-k-lg-sazandyn-2-1-mln-lichinkasy-koe-berildi/
- Published: 2022-05-25T17:33:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көлгө сазандын 2.1 млн личинкасы кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы [билдирди](https://www.facebook.com/minselhozgovkg/posts/pfbid02yio7DXh1Buj4co2BtXJYU2mkzhN3GxEGYesnPp1WUEdoLqtn2mE8WGHBh7vMF3WBl).**

20-майда Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти «Ысык-Көл плюс» балык чарба кооперативи менен биргеликте Ысык-Көлдүн №40 балык уулоо участогунда кезектеги иш-чарасын өткөрүштү. 

> Жыйынтыгында, көлгө **2 млн 100 миң сазан личинкасы** кое берилген. Личинкаларды Балык чарба департаменти «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүүчү жайында адистер менен бирге «заводдук» ыкма менен алышкан.

Балыктын баалуу түрлөрүн камдоо иштери июнь айынын ортосуна чейин уланат.