> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казак президенти Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоорун ЕАЭБге кошууну сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2022/05/26/kazak-prezidenti-kytajdyn-bir-alkak-bir-zhol-dolboorun-eaebge-koshuunu-sunushtady/
- Published: 2022-05-26T18:32:27.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:30:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумга катышкан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоорун ЕАЭБге кошуу сунушун айтты.**

Токаев форумда айтылган «Чоң Евразия» чынында эле өтө кылдат изилдөөгө жана талкуулоого татыктуу долбоор экенин жана эртеби-кечпи бул кызыктуу сунушту ишке ашыруу керектигин, анын үстүнө Россиянын президенти башка кызыкдар мамлекеттерди интеграциялык процесске тартуу боюнча рационалдуу көз карашта экенин айтты.

> «Мисалы, Кытайдын «Бир жол – бир алкак» долбоору, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге кошулууга чындап кызыкдар экенин билдирген башка мамлекеттер тууралуу сөз кылууга болот», – деди ал.