> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан менен КРнын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
- URL: https://im.kg/all/2022/05/26/kazakstan-menen-krnyn-ortosunda-bir-katar-eki-taraptuu-dokumentterge-kol-kojuldu/
- Published: 2022-05-26T16:48:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин КРга расмий сапарынын алкагында бүгүн, 26-майда, кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

 Төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. 1996-жылдын 26-августундагы **Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү** жөнүндө Казакстан менен КРнын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол
2. КР министрлер кабинети менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы **табигый өрттөрдү алдын алуу** жана аларды өчүрүү боюнча келишим
3. 2006-жылдын 4-июлундагы КР өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы **Билим берүү жаатында кызматташуу** жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол
4. КР министрлер кабинети менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы **авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу** жөнүндө макулдашуу
5. Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата **Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер** планы
6. КР Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы **айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү** жөнүндө меморандум
7. КР Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги жана «JOINT TECHNOLOGIES» компаниясы ортосунда «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагында **өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо** боюнча меморандум
8. КРнын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстандын Жамбыл облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
9. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Түркестан облусунун акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
10. КРнын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Алматы облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол
11. КРнын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстандын Караганда облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
12. КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Актөбө облусунун акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
13. КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Атырау облусунун акимиатынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.