> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан Сибирге жаңы энергетикалык коридорду Казакстан аркылуу алып өтүү жолу каралууда
- URL: https://im.kg/all/2022/05/26/kyrgyzstandan-sibirge-zha-y-energetikalyk-koridordu-kazakstan-arkyluu-alyp-t-zholu-karaluuda/
- Published: 2022-05-26T19:01:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:34:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумга катышып жаткан Россиянын Энергетика министри Николай Шульгинов ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жаңы энергетикалык коридорду талкуулап жатышканын айтты.** 

Анын айтымында, Россиядан Кыргызстанга энергетикалык коридорду Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүү каралууда.

> «Биз Кыргызстанда талкуулап баштаган, координациялык кеңешке берилген кызыктуу долбоорлордун бири – Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга узартылган линияны (түз агымдагы ток) куруу. Бул ЕАЭБдин ортосундагы электр кубатын алмашууну күчөтөт», – деди Шульгинов.

Ал эми Казакстандын Энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов Казакстан бирдиктүү энергетикалык коридор түзүү идеясын жактаганын, мартта парламент тиешелүү келишимдерди ратификациялаганын билдирди. 

ЕАЭБ өлкөлөрү 2025-жылдын башына карата электр энергиясынын улуттук рынокторун интеграциялоо аркылуу жалпы электр энергиясынын рыногун түзүүгө ниеттенүүдө. Тажикстан да Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасына кирет.