> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МЖӨ борбору 1 млрд доллар суммасындагы 55 долбоорду ишке ашырат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/26/mzh-borboru-1-mlrd-dollar-summasyndagy-55-dolboordu-ishke-ashyrat/
- Published: 2022-05-26T12:48:11.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунда 1 млрд доллар суммасында 55 долбоор бар. Аларды 2022-2026-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Евразия экономикалык форумунда Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди.**

Сабиров мамлекет менен бизнестин кызыкчылыктарын байланыштырган негизги звено болгон МЖӨ борборунун маанилүү ролун белгиледи.

Ал ошондой эле КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн: либералдык мыйзамдарды, жалпы калкынын саны 550 млн адамды түзгөн сатуу рынокторун, ошондой эле атайын салык өзгөчөлүгү иштеген Жогорку Технологиялык Паркты атады.