> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүгү убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/27/30-majdan-3-ijunga-chejin-bishkek-naryn-torugart-zholunun-ajrym-b-l-g-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2022-05-27T18:27:14.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:41:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргыз темир жолу» МИ 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын –** **Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунуч жараткан таштарды түшүрүү жумуштары (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) жүргүзүлөөрүн маалымдайт.**

> Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, **саат 09:00дөн 15:00гө чейин** жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.