> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Германия кечкен КРнын 14.9 млн евро суммасындагы карызы МИКке KfW банкы аркылуу берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/05/27/germaniya-kechken-krnyn-14-9-mln-evro-summasyndagy-karyzy-mikke-kfw-banky-arkyluu-berilet/
- Published: 2022-05-27T11:46:10.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:36:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги менен Германиянын өнүктүрүү банкы KfW 14.9 млн евро өлчөмүндөгү карызды конверсиялоо боюнча келишимге кол коюшканын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) басма сөз кызматы кабарлады.**

> Конверсиянын алкагында, Германиянын өкмөтүнө болгон карыз акча **KfW аркылуу КРдагы «Турак жайды каржылоо» долбоору үчүн МИКке берилет**. Белгиленгендей, бул боюнча сүйлөшүүлөр 2017-жылдан бери жүрүп келет.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, 14.9 млн евро МИКтин капиталына эки жылдын ичинде үч транш менен – ар 8 айда бир жолу чегерилмекчи.

[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) мурда [кабарлагандай](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/16/germaniya-kyrgyzstandyn-14-9-mln-evro-karyzyn-kechip-saluunu-chechti-birok-bir-shart-kojdu/), Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечкен. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койгон болчу.