Германия кечкен КРнын 14.9 млн евро суммасындагы карызы МИКке KfW банкы аркылуу берилет

Финансы министрлиги менен Германиянын өнүктүрүү банкы KfW 14.9 млн евро өлчөмүндөгү карызды конверсиялоо боюнча келишимге кол коюшканын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) басма сөз кызматы кабарлады.

Конверсиянын алкагында, Германиянын өкмөтүнө болгон карыз акча KfW аркылуу КРдагы «Турак жайды каржылоо» долбоору үчүн МИКке берилет. Белгиленгендей, бул боюнча сүйлөшүүлөр 2017-жылдан бери жүрүп келет.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, 14.9 млн евро МИКтин капиталына эки жылдын ичинде үч транш менен – ар 8 айда бир жолу чегерилмекчи.

Economist.kg мурда кабарлагандай, Германия Кыргызстандын 14.9 млн евро карызын кечүүнү чечкен. Бирок бул каражатты жарандарга ипотекалык насыя катарында берүү шартын койгон болчу.