> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Казакстандын компаниялары 1.5 млн долларлык келишимдерге кол коюшту
- URL: https://im.kg/all/2022/05/27/kyrgyzstan-menen-kazakstandyn-kompaniyalary-1-5-mln-dollarga-kelishim-t-z-sht/
- Published: 2022-05-27T15:56:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:13:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 26-майда Бишкекте кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтүп, анын алкагында эки тарап 1.5 млн доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюшканын КРнын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.**

**Төмөнкү келишимдерге кол коюлду:**

- «Kelum-KazPharm» ЖЧШ (РК) жана «BMG Pharm» ЖЧК — медициналык буюмдарды жеткирүү, **350 миң доллар**
- «Салем Кус» ЖЧШ (РК) жана «Кыргызский соколиный центр Мураз» ЖЧК — канаттууларды жеткирүү, **460 миң доллар**
- «Элтекс Алатау» ЖЧШ (РК) жана «ЛОКТЕХНО» ЖЧК — кызматташуу меморандуму, жабдууларды жеткирүү, **300** **миң доллар**
- «Free Mark» ЖЧШ (РК) жана «АгроЛогистикГрупп» ЖЧК — жумуртка кесмесин өндүрүү, **400 миң доллар**
- «Alpine Club» (РК) бейөкмөт уюму жана Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы — туризм тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө келишим түзгөн.

Белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бир катар ири инвестициялык долбоорлорду, кыргыз-казак чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу маселелерин талкуулашты.