> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРга Россиядан которулган акча 33%га азайса, АКШдан 1.6 эсеге өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/30/krga-rossiyadan-kotorulgan-akcha-33-ga-azajsa-akshdan-1-6-esege-st/
- Published: 2022-05-30T10:00:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Март айында Кыргызстанга акча которуулардын агымы (өткөн жылы март айында 214.3 млн доллар) 28%га азайып, 153.4 млн долларды түздү. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирди.**

139.6 млн доллар суммасында которулган акчанын эң чоң көлөмү **Россиядан келип**, бирок 2021-жылдын март айына салыштырмалуу **33%га азайган**.

КРга акча которуу боюнча экинчи орунда **АКШ** турат, анын ичинен март айында 5.2 млн доллар түшкөн, өткөн жылдын март айына салыштырмалуу которулган акча **1.6 эсеге** **өскөн**.

> Кыргызстанга которулган акчанын 8.5 млн доллары башка өлкөлөргө туура келген.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери (январь-март айларында) КРга которулган акчанын көлөмү **518.1 млн долларды** (-4.6%) түздү. 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 542.9 млн доллар келген эле.