> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түштүктөгү ишкерлер жеңилдетилген насыялар тууралуу билишпейт – маалымат жетпейт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/30/t-sht-kt-g-ishkerler-zhe-ildetilgen-nasyyalar-tuuraluu-bilishpejt-maalymat-zhetpejt/
- Published: 2022-05-30T09:40:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:49:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ишкердик субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү атайын түштүк жергесине 17-майдан 20-майга чейин** **иш сапар уюштуруп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барып, ишкерлер менен бетме-бет жолугуп, алардын көйгөйүн угуп келишкен.**

Бизнес-акыйкатчынын орун басары **Нурлан Мусуралиев** Баткендеги ишкерлер менен жолукканда алар жеңилдетилген насыялар тууралуу ЖМКдан гана билишкенин, каржылоо маселеси – негизги көйгөй экенин айтышкан.

> «**Эң көйгөйлүү нерсе – каржылоо** маселеси экен. Мамлекет донор уюмдар менен биргеликте берип жаткан жеңилдетилген насыяларды ЖМКлардан гана билип калышат экен. Жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай маалымат берилбегенин айтышты. 

Ошондой эле **насыя алчу жол-жоболор өтө татаал** экен. Бул деле түшүнүктүү, анткени коммерциялык банктардын өзүнчө талаптары бар. Айрыкча, ишкерлер чакан бизнестерге жеңилдик менен берилсе деген ойлорун билдиришти. Насыялардын пайыздары өтө эле жогору. Мисалы, депозитке акча салсаң, жылына 10-12% гана киреше аласың, бирок ошол эле учурда ошол банктан кредит алчу болсоң, **23%дан** жогору болот, башкача айтканда, эки эсе көп.

> Ишкерлер Баткен шаарында Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жагынан **соода жана тейлөө сектору эч кандай каржыланбай жаткандыгын** айтышып, жардам берүүбүздү суранышты. Өзүңүздөр билгендей, Баткен шаарында соодадан башка өндүрүш дээрлик жокко эсе. Жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо болбогонун айтышты», – деди Мусуралиев.