> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл I кварталда камсыздандыруу компаниялары 17%га аз келишим түзүштү
- URL: https://im.kg/all/2022/05/31/byjyl-i-kvartalda-kamsyzdandyruu-kompaniyalary-17-ga-az-kelishim-t-z-sht/
- Published: 2022-05-31T10:17:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 1-апрелине карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 61 миңге жакын камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 17%га аз. Мындай маалыматты Улутстатком берди.** 

Үстүбүздөгү жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан **40.5 млн сом** сальдолоштурулган пайда алынган.

> Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен **89% жеке жактар менен түзүлгөн** келишимдерге туура келген. Ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 67% туура келди.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/05/strahovka1.jpg)

> «Камсыздандыруу компанияларынын **чыгымдары** бул мезгил ичинде **1.5 эсеге көбөйдү** жана ал 497.2 млн сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 44% кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга жана 22% – ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга туура келди», – деп айтылат маалыматта. 

2022-жылдын I кварталында республиканын экономикасынын финансы секторунда **14 камсыздандыруу компаниялары** ишмердигин жүргүзүштү. 

Алардын кирешелери 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 29.8% көбөйдү жана 537.7 млн сомду түздү. Муну менен бирге, кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 93% жакыны) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.