> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен боюнча ККМди тейлеген бир эле борбор бар, өзгөчө монополия – ишкерлер бийликке нааразы
- URL: https://im.kg/all/2022/06/01/batken-bojuncha-kkmdi-tejlegen-bir-ele-borbor-bar-zg-ch-monopoliya-ishkerler-bijlikke-naarazy/
- Published: 2022-06-01T10:00:00.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:56:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен боюнча ККМди тейлеген бир эле борбор бар, ал да өзгөчө монополия экен. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасына билдирди.**

Бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү атайын түштүк жергесине май айында иш сапар уюштуруп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барып, ишкерлер менен бетме-бет жолугуп, алардын көйгөйүн жакындан, өз ооздорунан угуп келишкен.

Анда Баткен облусундагы ишкерлер ККМди тейлөө борбору облус боюнча бирөө эле экенин, аппарат бузулганда алыс жол жүрүш керек болгонун айтышкан.

> «Баткен облусунда ККМди тейлеген бир эле борбор бар экен, **ал өзгөчө монополия экен**. ККМ бузулса, Ошко, Жалал-Абадга барып оңдоого туура келээрин, ага бир топ акча кетээрин айтып, нааразы болушту.

> ККМдин альтернативдүү дагы бир жолу бар, ал телефонго жүктөлгөн программа, бирок анда да система жакшы иштебей калат экен. **Бийлик шарт түзбөй туруп, аларга талап койгондоруна ишкерлер нааразы** болушууда», – деди Бизнес-омбудсмендин орун басары.