> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы консолидацияланган бюджет дээрлик 30 млрд сомго өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/06/08/2021-zhyly-konsolidaciyalangan-bjudzhet-deerlik-30-mlrd-somgo-st/
- Published: 2022-06-08T10:26:23.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы консолидацияланган бюджет дээрлик 30 млрд сомго өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, 2022-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы туура жүргүзүлгөн акча-кредит жана салык-бюджеттик саясаттын эсебинен экономикалык өсүштүн оң тенденциясын көрсөткөн.

Ал кошумчалагандай, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджет мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу дээрлик **30 млрд сомго өскөн** жана алдын ала эсептөөлөр боюнча **312.2 млрд сомду** түздү. 2020-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу консолидацияланган бюджеттин ресурстары 60 млрд сомдон ашуун көбөйдү, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу өсүү 70 млрд сомдон ашык болду.

> «2022-жылга консолидацияланган бюджет боюнча **400 млрд сом** эсебинде ориентир белгиленген. Бул көрсөткүчкө социалдык-экономикалык туруктуулукка жетишүү, импортту алмаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, экспорттук потенциалы жогору артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү, энергетика жана ирригация, жол-транспорт тармагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, КРнын Евразия экономикалык биримдигинде жана Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгүн активдүү пайдалануу аркылуу гана жетишүүгө болот», – деди Жапаров.

Ошондой эле минкабдын маалымат кызматы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынтыгы боюнча чечим долбоору кабыл алынып, 2022-жылга өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык сценарийи 3.7% деңгээлинде бекитилгенин кабарлады.