> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» жыл башынан тартып бюджетке 17 млрд сомдон ашык төлөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/06/08/kumt-r-zhyl-bashynan-tartyp-bjudzhetke-17-mlrd-somdon-ashyk-t-l-d/
- Published: 2022-06-08T18:02:02.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кумтөр беш айда Кыргызстандын бюджетине 17 млрд сомдон ашык төлөдү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.**

2022-жылдын 31-майында аяктаган беш ай ичинде **«Кумтөр»** кенинде кен казуу иштеринин көлөмү **69.15 млн тоннаны** түздү. 2022-жылдын январь-май айларында алтындын орточо курамы 3.33 г/т болгон **2 млн 705 миң тонна** руда казылып алынган.

2022-жылдын биринчи беш айында алтынды бөлүп алуу фабрикасы алтындын орточо курамы 2.992 г/т болгон **2 млн 471 миң тонна руданы** иштетип чыкты. Бөлүп алуу 75.79% түздү, **178 020 унция (5 537 кг) алтын** эритилди.

> «КГК өлкөнүн бюджетине бардык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында, толук төлөп жатат. 2022-жылдын январь-май айларында КГК Кыргызстандын бюджетине **74.9 млн доллардык пландын** ордуна рекорддук суммада **17.3 млрд сомго (206.2 млн доллар)** барабар салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөдү, анын **11.6 млрд сому** Кыргызстандын минералдык-сырьёлук базасын өнүктүрүүгө багытталган. 2021-жылдан тартып «Кумтөрдүн» жаңы жетекчилиги пландалган бюджеттик салыктардан ашыкча түшкөн кирешенин 4% өлчөмүндөгү каражатты бул кошумча салыкты төлөөгө бөлүп келет», – деп айтылат компаниянын маалыматында.