Түштүк Кореяда иштеген мигранттар өлкөнүн экономикасына 600 млн доллар киреше алып келишти

Түштүк Кореяда иштеген мигранттар 15 жыл ичинде өлкөнүн экономикасына 600 млн доллар киреше алып келген. Бул тууралуу «Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» форумунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

«Түштүк Кореяда 15 жыл ичинде иштеген жарандардын Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымы 600 миллион доллардан ашты. Жарандар Кореянын өнөр жай ишканаларында 4 жыл 10 айга чейин иштешет, ал эми орточо айлык маянасы 1800 доллардан жогору. Жатакана жана тамак-аш жумуш берүүчүнүн эсебинен болот», — деди Базарбаев.

Ошондой эле ал 15 жыл ичинде жарандарды Түштүк Кореяга ишке орноштуруу боюнча министрлик жүргүзгөн иштердин натыйжасында 5 миңден ашык жумуш келишими түзүлгөнүн айтты.

«Жылдын башынан баштап, 302 жаран жумушка орноштурулду, алар үчүн министрлик Бишкектен Инчхонго эки чартердик рейс уюштурган. 12 июлга карата дагы бир рейс пландалып жатат, ал рейс менен дагы 150 жаран учуп кетет», — деп билдирди эмгек министринин орун басары.