> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жумуш издөөчү Job.kg сервиси өз ишин аяктайт – компанияны HeadHunter сатып алды
- URL: https://im.kg/all/2022/06/09/job-kg-servisi-z-ishin-ayaktajt-kompaniyany-headhunter-satyp-aldy/
- Published: 2022-06-09T16:58:45.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Job.kg кызматы Headhunter.kg менен бириккендигине байланыштуу ишин токтоткон. Бул тууралуу Economist.kg порталына HeadHunter (hh.ru) компаниясынын өкүлдөрү билдирди.** 

Буга чейин Job.kg жумуш издөө сервиси ушул жылдын 1-октябрынан тарта ишин токтотору белгилүү болгон. Бул рекрутинг долбоору 2004-жылы Larixon Jobs Network Урал холдинги тарабынан негизделген. 2018-жылы Hearst Shkulev Media басма үйү сайтты сатып алып, аны Zarplata.ru сервисине кошкон эле. Ошол убакта Job.kg сайтынын бир айлык аудиториясы 200 000 уникалдуу кирүүлөрдү түзгөн. 

2020-жылдын декабрында Headhunter кызматы Zarplata.ru сервисин 3.5 млрд рублга сатып алган. Job.kg расмий түрдө бул рекрутингдик компанияга өткөн, бирок 2015-жылдын июнь айында headhunter.kg сайтынын кыргызча версиясы ачылганына карабай ишин уланта берген.

[![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/a6212269-6944-4a14-af1a-55d1ad6f3108-1024x932.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/a6212269-6944-4a14-af1a-55d1ad6f3108.jpeg)

> Бүгүн, 9-июнда HeadHunter компаниясынын расмий билдирүүсүндө, Кыргызстанда бирдиктүү платформада сервисти мындан ары жайылтуу жана өнүктүрүү максатында Job.kg менен headhunter.kg сайттарын бириктирүү чечими кабыл алынган.