> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө Россиянын үлүшү 31.6% түзөт – ЭКМ министри Данияр Амангелдиев
- URL: https://im.kg/all/2022/06/09/kyrgyzstandyn-sooda-zh-g-rt-s-nd-rossiyanyn-l-sh-31-6-t-z-t-ekm-ministri-daniyar-amangeldiev/
- Published: 2022-06-09T14:10:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:40:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу тогузунчу кыргыз-орус аймактар ​​аралык конференциясынын пленардык жыйынында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.**

> «Бүгүнкү күндө КР Россиянын 81 субъекти менен тыгыз байланышта. 40тан ашык келишимге кол коюлган, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча келишимдер бар. Ошондой эле аймактар ортосунда дос жана боордош мамиле орнотуу боюнча 10дон ашык макулдашуу иштейт. 
> 
> Бүгүн, 9-кыргыз-орус аймактар ​​аралык конференциянын алкагында дагы бир катар келишимдерге кол коюу пландалууда… Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү **Россиянын үлүшү** 2021-жылы **31.6%ды**, анын ичинде **экспортто – 24.9%** жана **импортто – 33.6%** түздү», – деди министр.