> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эгерде курулуш компаниясына кылмыш иши козголсо, объектилеринин курулушу токтотулат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/10/egerde-kurulush-kompaniyasyna-kylmysh-ishi-kozgolso-obektilerinin-kurulushu-toktotulat/
- Published: 2022-06-10T16:18:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:56:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эгерде компанияга кылмыш иши козголсо, объекттердин курулушун токтотуу боюнча прокуратурага тапшырма берилди. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.**

Маалым болгондой, башаламан курулуш маселеси боюнча талкууга Бишкектин төрт районунан келген жарандар катышкан.

> «Биз башаламан курулуштар боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдүк. Комиссиянын отурумдары дагы уланат. Эгер башаламан курулуш боюнча көйгөйүңүз болсо, комиссияга кирген депутаттарга кайрылыңыз», – деп жазган депутат.

Бекешев комиссия кийинки жыйынга Бишкек шаарынын мэрин жана Мамкурулуштун жетекчисин чакыра турганын кошумчалады.