> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда аялдардын айлыгы орто эсеп менен эркектердин айлыгынын 75%ына барабар
- URL: https://im.kg/all/2022/06/10/kyrgyzstandagy-ayaldardyn-ajlygy-orto-esep-menen-erkekterdin-ajlygynyn-75-yna-barabar/
- Published: 2022-06-10T12:10:14.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:27:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда аялдардын айлыгы орто эсеп менен эркектердин айлыгынын 75%ын түзөт. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.**

Статистика боюнча республикада эркектердин орточо эмгек акысы **22 миң сомду** түзсө, аялдар орто эсеп менен **16.5 миң сом** алышат.

Эки тармакта гана аялдар эркектерге караганда көбүрөөк айлык алышат – билим берүү жана искусство тармагында.

Билим берүү тармагында аялдар 15 миң сом, эркектер 14.6 миң сом алат. Искусствого байланыштуу жумуштарда аялдардын жарымы 11.2 миң сом, эркектер болсо 10.5 миң сом алат.