> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн ишкерлер ККМ жана эсеп-фактурага каршы дагы митингге чыгышат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/13/b-g-n-ishkerler-kkm-zhana-schet-fakturaga-karshy-dagy-mitingge-chygyshat/
- Published: 2022-06-13T09:51:05.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 13-июнда саат 10:00дө, Тарых музейинин артында ишкерлер тынчтык митингге чыкмакчы. Алар кассалык аппаратты койдурууну жана эсеп-фактураны жоюп, патентке өткөрүп берүүсүн суранышат. Мындай маалымат ишкерлердин жалпы чаттарында таратылууда.**

Ишкерлер дагы бир жолу чогулушуп, кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө койдурууну алып салууну, эсеп-фактураларды жоюуну талап кылышат.

> «Урматуу группадагы коллегалар эжелер, байкелер! 13-июнь күнү саат күндүзгү 10:00 го Тарых музейдин аркасына тынчтык митингге келиңиздер,митингге чыкканыбыздын себеби – ККМ, СЧЕТ-ФАКТУРАны жоюп, патентке өткөрүп берүүсүн суранабыз жана талап кылабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

> «Эгерде бардык фирмалар сатуучуларга товарды счёт-фактура менен бере турган болсо, анда КНС жана сатуудан салык товардын баасына кошулат. Азык-түлүктүн баасы ого бетер кымбаттайт. Мындан жөнөкөй калк гана дагы жапа чегет”, – дейт ишкерлердин бири.

Айта кетсек, 30-майда Өкмөт үйүнүн астына ишкерлер чогулган. Анда да ККМ жана эсеп-фактураларга каршы сатуучулар, дүкөн ээлери пикирлерин билдиришкен.