> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бюджетке артылган кредиттик жүк: бул жылы донорлордон 32 млрд сом күтүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/13/bjudzhetke-artylgan-kredittik-zh-k-bul-zhyly-donorlordon-32-mlrd-som-k-t-l-t/
- Published: 2022-06-13T12:37:49.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан быйыл тышкы кредиторлордон дээрлик 32 млрд сом (360 млн доллар) карыз алууну көздөөдө. Мындай маалымат Финансы министрлиги тарабынан жарыяланган 2022-жылга карата КР тышкы жана ички карыз алуу планында жазылган.**

**Тышкы карыздар**

· Ошентип, ведомство мамлекеттик инвестициялык долбоорлорго **21.9 млрд сом (248 млн доллар)** карыз алууну пландаштырууда. Ири кредиторлордун катарына Дүйнөлүк банк кирет, андан 4.4 млрд сом, Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) – 4 млрд сом, Кытайдан – 3.1 млрд сом күтүлүүдө.

· Кошумчалай кетсек, Кыргызстан **9.9 млрд сомдук (113 млн доллар)** бюджеттик жардам күтүүдө: Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан (ЕФСД) 7.1 млрд сом, АӨБ 2.2 млрд сом, Дүйнөлүк банк 663 млн сом бермекчи.

**Ички карыздар**

Каржы министрлиги быйыл мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБ) чыгарып, **15.6 млрд сом (177 млн доллар)** ички карыз алууну пландаштырууда. Каражаттын негизги бөлүгүн – 14.6 млрд сом – ведомство мамлекеттик казыналык милдеттенмелердин (МКБ) эсебинен, калган бөлүгүн – мамлекеттик казыналык векселдердин (МКВ) эсебинен тартууга ниеттенүүдө.

> Ошентип, бул план аткарылса, 2022-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы **537 млн долларга же 47.5 миллиард сомго** чейин көбөйөт.