> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИДПнын көлөмү 5.7%га өсүп, 270 млрд сомдон ашты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/13/idpnyn-k-l-m-5-7-ga-s-p-270-mlrd-somdon-ashty/
- Published: 2022-06-13T17:23:52.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ИДПнын көлөмү январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.7%га өсүп, 270 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.**

“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 250 млрд сомдон ашык сумманы түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.7%га өстү.

> Товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 7.9%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4%ды түздү.

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (48.6%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген, товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 33.9%ды түзгөн.

Өнөр жайынын үлүшү 21.1%ды, айыл чарбасынын үлүшү 8.1%ды түздү.