> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда электрондук капчыктардын саны 35%га көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2022/06/13/kyrgyzstanda-elektronduk-kapchyktardyn-sany-35-ga-k-b-jd/
- Published: 2022-06-13T12:00:16.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда былтыр электрондук капчыктардын саны дээрлик 35%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.**

> Регулятордун маалыматы боюнча, 2021-жылдын аягында электрондук капчыктардын саны **4.7 миллионго** жеткен.

Жалпысынан алганда, COVID-19 пандемиясы учурунда накталай акчасыз, алыстан төлөө ыкмалары жана электрондук коммерция кыйла өстү. Электрондук акча эң жеткиликтүү жана популярдуу инструменттердин бири бойдон калууда, деп белгиледи Улуттук банк.