> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 33.7 млн доллар сатып алып, интервенция жасады
- URL: https://im.kg/all/2022/06/13/uluttuk-bank-33-7-mln-dollar-satyp-alyp-intervenciya-zhasady/
- Published: 2022-06-13T11:35:20.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк 10-июнда рыноктон 33.7 млн АКШ долларын сатып алып, быйыл бешинчи интервенция жүргүздү. Бул тууралуу регулятор өз сайтында билдирди.**

21.5 млн долларды сатып алуу бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен ишке ашырылган. Дагы 12.2 млн долларды Улуттук банк кийинчерээк алат – бул бүтүмдөр интервенция болгон күндөн башка датага карата түзүлгөн.

> Белгилей кетсек, быйыл бул Улуттук банктын **доллар сатып алуу боюнча бешинчи интервенциясы**. Буга чейин Улуттук банк валютаны 30 жана 31-мартта, ошондой эле 18 жана 20-майда сатып алган.

Ошондой эле жыл башынан бери өскөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн долларды сатуу боюнча беш тескери интервенция болгон. Алар 12 жана 27-январда, 24-февралда, 4 жана 10-мартта жүргүзүлгөн.