> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бул жылы Кыргызстанда буудай азыраак, пахта көбүрөөк эгилди
- URL: https://im.kg/all/2022/06/14/bul-zhyly-kyrgyzstanda-buudaj-azyraak-pahta-k-b-r-k-egildi/
- Published: 2022-06-14T10:21:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Республикада 2022-жылы түшүм берүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы айдап-себүү иштери аяктап жатат. Кандай эгин канча көлөмдө эгилгени тууралуу Улуттук статистикалык [комитет ](http://stat.kg/ru/news/v-respublike-zavershaetsya-yarovoj-sev-selskohozyajstvennyh-kultur-pod-urozhaj-2022-goda/)билдирди.**

Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча **668 миң гектарга** жакын жаздык эгин айдалды, бул өткөн жылдын ушул учуру менен салыштырганда **5 миң гектарга көп**.

Аянтына карата жазгы эгиндерди эгүүнүн көбөйүшү – былтыркы жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу пахтанын 9.5%га, жаздык арпанын 9%га, май өсүмдүктөрүн 4%га пайызга жана картошканын 3%га өсүшүнүн эсебинен болду.

> Ошону менен бирге жаздык **буудайдын, буурчак дан** жана **кант кызылчасынын** айдоо аянттары **кичирейди**. Мисалы, **буудай** былтыр **116.6 миң гектарга** эгилсе, быйыл – **101.4 миң гектарга** эгилген.

Жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң үлүш – 33%дан ашыгы – Чүй облусуна, 15%га жакыны – Ош жана Ысык-Көл облустарынын, 13%тен ашыгы – Жалал-Абад областынын чарбаларына туура келген.

Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынын бийик тоолуу аймактарында жазгы эгин себүү иштери уланууда.