> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бардык инвестициянын дээрлик 40%ы тоо-кен тармагына жумшалат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/14/kyrgyzstandagy-bardyk-investiciyanyn-deerlik-40-y-too-ken-tarmagyna-zhumshalat/
- Published: 2022-06-14T15:10:59.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда инвестициянын негизги көлөмү тоо-кен тармагына туура келет жана 40%га жакын бөлүгүн түзөт. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын жүрүшүндө билдирди.**

Ошондой эле, анын айтымында, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө инвестициялардын агымы өсүүдө. Инвестициялардын 30-40%ы кайра иштетүү тармагына туура келет.

> «Бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шарттар жана либералдык чөйрө башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгуу үчүн бекем негиз түзөт, биз дүйнөнүн 145тен ашуун өлкөсү менен соода жүргүзөбүз. КМШда 1998-жылы ДСУга кирген биринчи өлкөбүз. Биз региондо биринчилерден болуп Евробиримдиктен ВСП+ статусун алдык жана продукциянын 6.5 миңден ашык түрүн Европа өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз экспорттой алабыз», – деди ал.

Ал ошондой эле Кыргызстан АКШга экспорттоо үчүн 3.6 миң товарга жеңилдиктер жана преференциялар берилгенин белгиледи.