> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы IT-стартаптардын жалпы баасы жарым миллиард доллардан ашат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/14/kyrgyzstandagy-it-startaptardyn-zhalpy-baasy-zharym-milliard-dollardan-ashat/
- Published: 2022-06-14T14:03:24.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандагы IT-стартаптардын жалпы баасы болжол менен 600 млн долларды түзөт, деп билдирди M-Vector Global компаниясынын башкы директору Наиль Хайбулин Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын жүрүшүндө.**

Ал «Кыргызстанда россиялык бизнести өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү» аталган панелдик талкуунун жүрүшүндө презентациясын көрсөттү.

  
Стартаптардын тизмеси жана баасы:

- Behavox — $500 млн ашык
- Primer — $30 млн ашык
- PicvPic — $10 млн ашык
- Growave — $10 млн ашык
- Outtalent — $10 млн ашык
- GoDee — $10 млн ашык
- Namba One — $10 млн ашык
- Fitjab — $5 млн ашык
- Codify Lab — $5 млн
- Codigy LMS — $1 млн
- NB Fit — $1 млн
- Lawsales — $1 млн
- Alakel — $1 млн
- DBillions — $1 млн
- жана башкалар.

Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) директору Чубак Темировдун айтымында, Кыргызстанда стартаптар экосистемасы жаңыдан өнүгүп келе жатат.

> «Бул компаниялардын көбү ЖТП резиденттери болуп саналат, алар парк түзүлгөндөн баштап 10 жыл ичинде аутсорсингге долбоорлорду ишке ашырып, тажрыйба топтошкон. Азыр алар өз маселелерин чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат», – деди Темиров.