> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда IT тармагында иштегендердин 11%ы гана аялдар – Сырга Тилекова
- URL: https://im.kg/all/2022/06/14/kyrgyzstandagy-it-tarmagynda-ishtegenderdin-11-y-gana-ayaldar-syrga-tilekova/
- Published: 2022-06-14T14:43:38.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө IT тармагында аялдардын саны болгону 11%ды түзөт. Бул тууралуу санариптик маркетолог жана NBFit долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Сырга Тилекова Programmer Ayimdar II долбоорунун аякташында билдирди.**

Ал санариптик технологиялар келечекте көйгөйлөрүбүздү чечүүчү негизги куралга айланарын, ошондуктан кыздар бул тармакка көбүрөөк катышышы керек экендигин белгиледи.

> «Биз 2022-жылы жашап жатканыбызга, азыр ушунча көп компаниялар IT тармагында, STEM тармагында кыздарды колдоп жатканына карабастан, дагы эле айрым кыйынчылыктар бар.
> 
> Учурда Кыргызстанда IT тармагында иштеген **аялдардын саны 11%дан ашпайт.** Мен көптөгөн компанияларда, стартаптарда иштедим жана ар дайым кыздар аз болчу. Андыктан бул жагдайды оңдойбуз деп үмүттөнөм», – деп пикир бөлүштү Сырга Тилекова.

Иш-чарада Namba One компаниясынын башкы директору Нора Азыгалиева да IT тармагында аялдардын жетишсиздиги көрүнөө экенин белгиледи.

> «Кечээ эле мен Алматыдан кайтып келдим, жумуш боюнча ар кандай жолугушууларды өткөрдүк, ага мен жалаң эркек кесиптештерим менен бардым. Мен бир мыйзам ченемдүүлүктү байкадым: мен 15ке жакын адам менен жолугуштум – **алардын бирөө гана аял болду**», – деди ал.

Эскерте кетсек, жакында [Programmer Ayimdar II](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/06/13/kyrgyzstandyn-ajmaktarynan-kelgen-zhash-kyzdar-programmaloonu-beker-jr-n-p-it-kompaniyaga-zhumushka-ornoshtu/) долбоору аяктап, анын алкагында 50 кыз-келин программалоону үйрөнүүгө грант алышкан. Долбоорду Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана сервистер ассоциациясы (КАРПОУ) Unique Technologies менен биргеликте Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырган.