> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Май айында инфляция 0.3%га чейин басаңдады
- URL: https://im.kg/all/2022/06/14/maj-ajynda-inflyaciya-0-3-ga-chejin-basa-dady/
- Published: 2022-06-14T14:20:25.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда инфляция басаңдады. Май айында керектөө бааларынын өсүшү апрелге салыштырмалуу 0.3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.**

Азык-түлүк эмес товарларга баалар 0.6%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 0.5%га кымбаттады. Ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баа 0.9%га төмөндөгөн. Калкты тейлөөгө тарифтер апрель айынын деңгээлинде калды.

> Ошону менен бирге май айында кой эти (5.2%га), жаңы мөмө-жемиштер (4.2%га), ун (3%га), кант (2.5%га), нан (1.6%га) жана май (0.8%га) кымбаттады.

Ош шаарынан (-0.1%) тышкары, республиканын бардык аймактарында инфляция белгиленген. Баалардын максималдуу өсүшү – 2% – Нарын облусунда катталган.