> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Май айында инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда белгиленди
- URL: https://im.kg/all/2022/06/14/maj-ajynda-inflyaciyanyn-e-zhogorku-de-geeli-kazakstanda-belgilendi/
- Published: 2022-06-14T17:35:10.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын май айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2022-жылдын май айында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү ЕАЭБдин бардык мүчө-өлкөлөрүндө байкалып, эң көп өсүш **(1.4%) Казакстанда** катталган.

**ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторунда инфляциянын деңгээли, % менен:**

|            | 2022-жылдын май айында апрелге карата | Май айында 2021-жылдын декабрь айына карата |
| ---------- | ------------------------------------- | ------------------------------------------- |
| Армения    | 0.1                                   | 6.0                                         |
| Беларусь   | 0.7                                   | 11.9                                        |
| Казахстан  | 1.4                                   | 8.8                                         |
| Кыргызстан | 0.3                                   | 7.5                                         |
| Россия     | 0.1                                   | 11.8                                        |

Ал эми 2022-жылдын май айында **2021-жылдын декабрына салыштырмалуу** экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли **(11.9%) Беларуста катталган**. Буга азык-түлүк эмес товарларга (14.0%) жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын 7.3%га өсүшү себеп болду. Россияда тамак-аш азыктарына (анын ичинде алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге) баалардын максималдуу өсүшү 13.8% деңгээлинде белгиленип, өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу инфляция 11.8%ды түзгөн.