> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ баалуу кагаздар рыногуна 5 млн доллар салууну пландаштырууда
- URL: https://im.kg/all/2022/06/14/ok-f-baaluu-kagazdar-rynoguna-5-mln-dollar-saluunu-plandashtyruuda/
- Published: 2022-06-14T12:57:08.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунда портфелдик инвестор болууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ОКӨФ башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков Эл аралык көп тармактык бизнес миссиясынын жүрүшүндө билдирди.**

Ал белгилегендей, 2020-жылдын аягында фонд Кыргыз фондулук биржасынын акцияларынын бир бөлүгүн сатып алуу процессин баштаган. Бүгүнкү күндө ОКӨФ Кыргыз фондулук биржасынын 7% акцияларын ээлейт.

> «Фонддун максаттарынын бири – Кыргызстанда фондулук рынокту өнүктүрүү болуп саналат. Бул үчүн 2022-жылдан тартып фонддун каражаттарынын бир бөлүгүн кыргызстандык корпоративдик эмитенттердин облигацияларына салууну пландап жатабыз. Бир ай мурун кеңеш бул демилгени колдоп, фонддун каражаттарын корпоративдик облигацияларга инвестициялоо боюнча пилоттук долбоорду жактырган», – деди ал. 

Инвестициялардын көлөмү баштапкы этапта 5 млн долларды түзөт, эгерде оң натыйжалар чыкса, өсө бермекчи.