PayBox.money ребрендинг жөнүндө жарыялайт
Онлайн-бизнести төлөм технологиялары менен камсыз кылган PayBox.money аталышын жана логотибин Freedom Pay деген атка алмаштырат.
Жаңы товардык белги компаниянын Freedom Holding Corp. менен байланышын баса белгилейт жана бирдиктүү «чатыр» бренди алдында Холдинг куруп жаткан финансылык экосистеманын маанилүү курамдык бөлүктөрүнүн бири катары анын өнүгүү стратегиясын чагылдырат.
Ребрендинг процессине болжол менен 3 ай убакыт кетет жана компаниянын сайтына да тиешелүү жүрөт. Ал дарегин freedompay.money деп өзгөртүп, ошондой эле жеке кабинет, төлөм форумдары жана кардарлардын материалдары да өзгөрөт. Ал эми компания ээсинин юридикалык аталышы өзгөрбөйт, ошондуктан PayBox.money учурдагы кардарларынан келишимдерди жана башка документтерди кайра тариздөөнү талап кылбайт. Компания штаттык режимде ишин улантат, кардарлар үчүн шарттар мурдагы бойдон калат.
“Бизде амбициялуу өнүгүү пландарыбыз бар – кардарларыбыздын, төлөм жүгүртүүнүн, транзакциялардын жана кызматкерлерибиздин санын активдүү түрдө өстүрүп жатабыз. 2022-жылы PayBox.money жаңы Freedom Pay бренди алдында кардарларга кыска номерлердин жардамы менен мессенджерлерде төлөмдөрдү кабыл алуу, мультиэквайринг сервиси жана мобилдик коммерция сервиси, карталар процессинги боюнча кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу жаңы кызыктуу технологияларды сунуштай алат. Ребрендингдин жаңы милдети – төлөм индустриясынын эксперти жана новатору катары өзүбүздүн абалыбызды күчөтүү. Жаңы бренд төлөмдөр дүйнөсүндө белгилүү жана таанымал марка болот деп ишенебиз”, – деп билдирди PayBox.money компаниялар тобунун башкы директору Роман Миникеев.
Кыскача маалымат:
PayBox.money компаниялар тобу онлайн-төлөмдөр рыногунда 8 жылдан ашык убакыттан бери иштейт жана Казакстандын рыногунда интернет-эквайринг лидерлеринин бири болуп саналат. Азыр компаниянын 2300дөн ашык кардары жана 170тен ашык кызматкери бар. Ай сайын PayBox.money 8,5 миллиондон ашык төлөм транзакцияларын, анын ичинде картадан төлөмдөрдү, мобилдик телефондордун баланстарын, банк эсептерин, смартфондордон байланышсыз төлөмдү жана башка төлөм ыкмаларын иштеп чыгат.
Freedom Holding Corp. – бул өзүнүн Freedom Finance туунду компаниялары аркылуу финансылык ишмердүүлүктү, чекене брокердик операцияларды жүргүзгөн, инвестиция маселелери боюнча консультация берген, баалуу кагаздар менен соода жүргүзгөн, инвестициялык-банктык жана андеррайтинг кызмат көрсөткөн Холдинг. Компания Казакстан фонд биржасынын (KASE), Astana International Exchange (AIX), Москва (MOEX), Санкт-Петербург (SPB), Республикалык «Тошкент» фонд (UZSE) жана Украина биржаларынын кесипкөй катышуучус болуп саналат. Компаниянын башкы кеңсеси Казакстандын Алматы шаарында, ал эми анын административдик кеңселери – Россияда жана АКШда жайгашкан. Компаниянын Казакстанда, Россияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Германияда, Улуу Британияда, Украинада, АКШда, Кипрде филиалдары бар.
Бүгүнкү күндө Холдингдин жөнөкөй акциялары Nasdaq Capital Market, Казакстан фонд биржасында, Санкт-Петербург жана Украина биржаларында сатылат.
Компания тууралуу толук маалымат анын Telegram-каналында берилген.