> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Биз көчөнү эле жылытып жатабыз – Кыргызстанда энергия үнөмсүз пайдаланып жаткандыгы жөнүндө эксперттин пикири
- URL: https://im.kg/all/2022/06/15/biz-k-ch-n-ele-zhylytyp-zhatabyz-kyrgyzstanda-energiya-n-ms-z-pajdalanyp-zhatkandygy-zh-n-nd-eksperttin-pikiri/
- Published: 2022-06-15T15:35:06.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:13:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат. Бул тууралуу “Юнисон Групптун” президенти Нурзат Абдырасулова «Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергияны натыйжалуу пайдалануу аркылуу энергетика тармагын өнүктүрүү» жыйынында билдирди, деп жазат [24.kg](https://24.kg/obschestvo/235771%5Fkyirgyizstan%5Fudelyaet%5Fnedostatochno%5Fvnimaniya%5Fenergoeffektivnosti/).**

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясынын жетишпей жатканына карабастан, Кыргызстандын бийлиги энергияны үнөмдөөгө көңүл бурбай жатат.

> «Кыргызстан энергия сыйымдуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат. Өнүккөн өнөр жайы жок чакан өлкө үчүн бул өтө жаман көрсөткүч. Бул республикада энергия үнөмсүз колдонулуп жаткандыгынан кабар берет», – дейт Нурзат Абдырасулова.

Ал ошондой эле 1998-жылы кабыл алынган энергияны үнөмдөө мыйзамы иштебей жатканын эске салды. Имараттардын энергияны үнөмдөөсү боюнча мыйзамдын аткарылышы да начар жүрүп жатат.

Абдырасулова белгилегендей, имараттар энергиянын (жылуулук, көмүр жана башкалар) 50%дан ашыгын керектейт, бирок ошол эле учурда энергиянын үчтөн эки бөлүгүн текке кетирет.

> «Эгер тепловизор аркылуу имараттарды карасаңыз, алар шам сыяктуу күйүп турат. Жеке үй болобу же көп кабаттуубу, алар чоң көлөмдөгү энергияны өткөрүшөт. Чындыгында, биз көчөлөрдү эле жылытып жатабыз”, – дейт Нурзат Абдырасулова.