> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөр соода түйүндөрүнө 5%дан ашпаган ретробонус коюмун төлөйт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/15/emi-kyrgyzstandyk-nd-r-ch-l-r-sooda-t-j-nd-r-n-5-dan-ashpagan-retrobonus-kojumun-t-l-jt/
- Published: 2022-06-15T15:17:05.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:16:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички соода жөнүндө мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн шарттарды түзөт. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев агроөнөр жай комплексинин бизнес-ассоциацияларынын, соода түйүндөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.**

Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ички соода жөнүндө мыйзам долбооруна тийиштүү актуалдуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, тараптардын соода түйүндөрүнүн товарларга төлөө мөөнөтүнө, товарларды сатууда соода түйүндөрүндө киргизилген сый акынын пайызына (ретробонус), соода түйүндөрүнүн азык-түлүк жеткирүүчүлөрдүн товарларын кайтарып берүүсү боюнча талаштуу суроолору болгон.

Тараптар өз пикирлерин билдирип, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча талаш маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келишти. 

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, ретробонус коюмдарын аныктоо боюнча маселелер чечилди, тактап айтканда, тараптар минкаб тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, **ата мекендик өндүрүштөгү социалдык маанилүү товарларга 0% коюмга**, ошондой эле **ата мекендик азык-түлүк товарларына 5% ашпаган коюмга** макул болушту.

> «Жетишилген макулдашуулар ата мекендик өндүрүшчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууга шарттарды түзөт. Эң негизгиси, акыркы колдонуучулар туруктуу жана адекваттуу баада сапаттуу товарлар менен камсыз болушат», – деди ал.

Тармактык мамлекеттик органдар эки күн ичинде андан ары бекитүү үчүн ата мекендик азык түлүк товарларынын тизмегин сунуштайт.