> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкер айымдар бизнесин өнүктүрүү үчүн быйыл дээрлик жарым миллиард сом алышты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/15/ishker-ajymdar-biznesin-n-kt-r-ch-n-byjyl-deerlik-zharym-milliard-som-alyshty/
- Published: 2022-06-15T18:01:21.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын беш айында «Кепилдик фонду» ААКсы чакан жана орто бизнестеги аялдардарга 100 млн сомго жакын суммага 62 кепилдик берүү менен колдоо көрсөттү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.**

Бул кепилдик берүү ишкер айымдарга 473 млн сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстардан алууга мүмкүндүк берди.

Бардыгы болуп «Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде 1 млрд сомдон ашкан суммага дээрлик 800 гарантиялар берилген. Анын аркасы менен ишкер аялдар 3.5 млрд сомдон ашык суммага банктык кредиттерди алышкан.

> «Кепилдик фонду» ААКтын кызматын пайдаланган аялдар дээрлик бардык тармактардын өкүлдөрү болуп саналар. Алардын арасында экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу тармактардын өкүлдөрү, тигүүчүлөр, айыл чарба өндүрүшчүлөрү, кайра иштетүүчүлөр бар», – деп билдиришти фонд кызматкерлери.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы кредиттик ресурстарды алууга кепилдиктердин жалпы санынын дээрлик үчтөн бир бөлүгү түздөн-түз аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө берилген.