> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын экспорттогон
- URL: https://im.kg/all/2022/06/15/kyrgyzstan-rossiyaga-134-mln-dollardyk-ajyl-charba-produkciyasyn-eksporttogon/
- Published: 2022-06-15T10:10:59.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиш, жашылча, сүт азыктары жана балык) экспорттогон. Бул тууралуу Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын алкагында Айыл чарба министрлигинин кластердик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев билдирди.**

Ал Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү экенин баса белгиледи. Россия өлкөбүзгө импорттогон айыл чарба продукциясынын көлөмү болжол менен **250 млн долларды** түзгөн, бул негизинен дан азыктары жана өсүмдүк майы болуп эсептелет.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу Айыл чарба министрлигинин негизги милдеттеринин бири. Агроөнөр жай комплексин кластерлештирүү да маанилүү милдет болуп саналат.

> «Бул жаатта биз санариптештирүүнү киргизишибиз керек жана Россия менен кызматташуу бул процессти жеңилдетмек. Россияга мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, сырларды жана форель балыгын жеткирүүнү көбөйткүбүз келет. Акыркы окуяларга байланыштуу биз Россиянын батыштан келбей калган продукцияга болгон керектөөлөрүнүн бир бөлүгүн камсыздай алабыз. Мисалы, органикалык эт менен», – деди Чекирбаев.

Ал кошумчалагандай, учурда Кыргызстанда 13 соода-логистикалык борбор жана 400гө жакын жашылча-жемиш сактоочу жай иштейт. Азия өнүктүрүү банкы менен бирдикте төрт бажы-логистикалык борбор жана эки дүң сатуу жана бөлүштүрүү борбору курулууда.

> «Биз бул долбоорго россиялык компанияларды катышууга чакырабыз», – деди Уран Чекирбаев.