> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Согуштун алгачкы эки айында Европа Россиядан 44 млрд доллардык отун сатып алган – Арнольд Шварценеггер
- URL: https://im.kg/all/2022/06/15/sogushtun-algachky-eki-ajynyn-ichinde-evropa-rossiyadan-44-mlrd-dollardyk-otun-satyp-algan-arnold-shvarcenegger/
- Published: 2022-06-15T11:58:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:38:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Арнольд Шварценеггер Austrian World Summit климаттык саммитинде Европа өлкөлөрүн россиялык энергия алып жүрүүчүлөрдү (отундун бардык түрлөрү) сатып алуудан баш тартууга чакырды. Ал муну Россиянын согуш аракеттерин каржылоого барабар деп айтты.** **Бул тууралуу [meduza](https://meduza.io/video/2022/06/14/na-nashih-rukah-krov-arnold-shvartsenegger-prizval-otkazatsya-ot-pokupki-rossiyskogo-topliva) билдирди.**

Арнольд Шварценеггер – Австрияда туулган америкалык актёр жана Калифорния штатынын мурунку губернатору – Вена шаарында өткөн Austrian World Summit климаттык саммитинде сүйлөп чыкты. Ал Европа өлкөлөрүн россиялык энергия алып жүрүүчүлөрдү (отундун бардык түрлөрү) сатып алуудан баш тартууга чакырды. Ал муну Россиянын согуш аракеттерин каржылоого барабар деп айтты.

> “Кайсы жагынан караба, колдорубуз канга малынган. Анткени биз бул согушту каржылап жатабыз. Украинанын трагедиясын күнүгө көрүп жатабыз. Бирок чынын айталычы. Согуштун алгачкы 2 айынын ичинде Россия учурган **1300 ракетанын баасы 7.7 млрд долларга** барабар болгон. Бул аябай көп. Бирок ошол эле мезгилде Европа Россияга **отун үчүн 44 млрд доллар** төлөп берген… Биз өзүбүздү алдаганды, эки жүздүүлүктү токтотушубуз керек. Мына ушул учурда казып алынуучу отундан толугу менен баш тартууга бизде бардык керектүү технологиялар бар. Биз украиналык жаш балдардын астында, келечегибиздин астында милдетибиз бар”, – деди Шварценеггер. 

Бул Шварценеггердин Украинадагы согушка байланыштуу биринчи кайрылуусу эмес. Буга чейин ал өлкөгө Россиянын басып киришин токтотууга чакырган.