> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чикагодогу кыргыз жаштары негиздеген DevX School компаниясы Сингапурдагы Antler дүйнөлүк акселераторуна кирди
- URL: https://im.kg/all/2022/06/16/chikagodogu-kyrgyz-zhashtary-negizdegen-devx-school-kompaniyasy-singapurdagy-antler-d-jn-l-k-akseleratoruna-kirdi/
- Published: 2022-06-16T15:07:19.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:59:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чикагодогу кыргыз жаштары негиздеген DevX School компаниясы Сингапурдагы Antler аталган дүйнөлүк акселераторго кирип, мындан ары өсмөкчү. Компания миң талапкердин арасынан тандалып алынган. Бул тууралуу негиздөөчүлөрдүн баянын жазган[ lim](https://limon.kg/ru/news:75385)[on.kg](https://limon.kg/ru/news:75510) порталы билдирди.**

DevX School буткэмпи билим берүү жаатында, өзгөчө программалоого үйрөтүү боюнча иштейт. Ал 2019-жылы кыргызстандык Адина Тилек жана Аскар Мусакунов тарабынан негизделип, жаштарды окута баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 300дөн ашык студент курстарды бүтүрүп, компаниянын жылдык айлануусу 1.3 млн долларга жеткен.

Эми DevX School бир нече ай бою өз бизнесин кеңейтүү боюнча иштеп, андан ары да финансы тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Antler – бизнестин эң алгачкы өнүгүү этаптарынан баштап инвестиция жасаган, таланттуу адамдарды өстүргөн глобалдык венчурдук компания. Бүгүнкү күнгө карата бул акселератор дүйнө жүзү боюнча 30 түрдүү тармактагы 420 компанияга инвестиция жасаган.