> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эт кескин кымбаттады: килограммынын баасы 600 сомдон ашты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/16/kyrgyzstanda-et-keskin-kymbattady-kilogrammynyn-baasy-600-somdon-ashty/
- Published: 2022-06-16T12:58:06.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда бүгүнтөн баштап эттин дүң жана чекене баасы жогорулады. Бул тууралуу [24.kg](https://24.kg/agent%5F024/237143%5Fvkyirgyizstane%5Frezko%5Fvyirosli%5Ftsenyi%5Fnamyaso%5Fkilogramm%5Fstoit%5Fbolshe%5F600%5Fsomov/) билдирди.**

Аталган маалыматтык агенттиктин окурмандарынын айтымында, эттин дүң баасы дароо 40-50 сомго – 530-550 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми дүкөндөрдө, базарларда чекене баалар 600-700 сомго чейин жетти. Баалар дагы жогорулашы күтүлүүдө.

> «Сатуучулар мындай көрүнүш Кыргызстанда эттин аздыгынан болуп жатканын айтышты. Азыр кошуна Өзбекстанга эт экспорттолуп жатат, министрлер кабинети ушундай уруксат берген имиш”, – деп жазган окурмандардын бири.

“Ал эми Сокулукта дүң баа биз үчүн 10 сомго көтөрүлдү: буга чейин уй этин 440-460 сомдон алып сатсак, азыр 450-470 сомдон ала баштадык”, – деп билдирди жергиликтүү ишкерлердин бири. Ал да мал этинин баары Өзбекстанга экспорттолуп жатканын айтты.