> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Швейцария Бишкектин жаңы конуштарын өнүктүрүү үчүн 9 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/16/shvejcariya-bishkektin-zha-y-rajondorun-n-kt-r-ch-n-9-mln-dollar-b-l-t/
- Published: 2022-06-16T14:14:13.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Швейцария Бишкек шаарынын чет жакаларын өнүктүрүүгө багытталган 10 жылдык долбоорго 9 млн швейцариялык франк (9 млн доллар) берет. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуп, «Аракет» аталган жаңы долбоорду талкуулады.

> «Долбоор Бишкектин четиндеги жаңы курулуп жаткан конуштарда жашаган адамдардын турмушун жакшыртууга багытталган. Швейцария бул 10 жылдык долбоорго 9 млн швейцариялык франк бөлөт”, – деп айтылат кабарда.