> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте беш айдын ичинде жол эрежесин бузгандарга 62.7 млн сом айып салынды
- URL: https://im.kg/all/2022/06/17/bishkekte-besh-ajdyn-ichinde-zhol-erezhesin-buzgandarga-62-7-mln-som-ajyp-salyndy/
- Published: 2022-06-17T10:14:50.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте жыл башынан тартып беш айдын ичинде жол эрежесин бузгандарга жалпысынан 62.7 млн сом айып салынды, деп билдирет [24.kg](https://24.kg/proisshestvija/237256%5Fvbishkeke%5Fnarushiteley%5Fpdd%5Fzapyat%5Fmesyatsev%5Foshtrafovali%5Fna627%5Fmilliona%5Fsomov/) маалымат агенттиги.** 

Патрулдук милиция кызматынын жетекчилигинин билдирүүсүнө жараша, Бишкекте **унаа токтотуу эрежелери эң көп бузулат**. Алардын айтымында, 2022-жылдын беш айында туура эмес жерлерге мыйзамсыз унаа токтотууга 77 миң 112 протокол түзүлгөн. 

Жалпысынан январь айынан май айынын аягына чейин жол эрежесин бузуу боюнча 142 миң 777 протокол түзүлдү:

- коопсуздук курунун тагылбагандыгы жана мотоциклдик каскаларды колдонуу эрежелерин бузуу – 36 миң 510;
- жөө жүргүнчүлөргө жана велосипедчендерге карата эреже бузуу – 8 миң 151;
- мас абалында унаа айдоо – 1320;
- документи жок унаа айдоо – 907;
- мыйзамсыз тонировкалоо – 373;
- жасалма номерлер – 34;
- бейбаштык – 25;
- башка бузуулар – 18 миң 345\.

Беш айдын ичинде 10 436 унаа штрафстоянкага коюлган. Мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик бюджетке **62 млн 74 миң 790 сом** төгүлгөн.