> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Корея Кыргызстандын жарандарын айыл чарба иштерине чакырууга даяр
- URL: https://im.kg/all/2022/06/17/koreya-kyrgyzstandyn-zharandaryn-ajyl-charba-ishterine-chakyruuga-dayar/
- Published: 2022-06-17T14:37:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун делегациясы Кореянын Канвондо, Чолла-Намдо провинцияларынын жана Ульсан шаарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселесин талкуулашты.** 

Корея бийлигинин өкүлдөрү учурда эмгек ресурстарына муктаждык бар экенин айтышканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу алар КР жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартууга даяр экенин билдиришкен. 

> Мындан тышкары, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова SEEDON компаниясынын президенти Сон Хён Юль жетектеген кореялык делегация менен жолугушуп, Кыргызстандын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине чакыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. 
> 
> Өз кезегинде компаниянын президенти сезондук айыл чарба жумуштары программасы боюнча кыргыз жарандарды Чунчхон-Намдо провинциясындагы Тхэан округуна жана Чолла-Намдо провинциясындагы Муан округуна чакырууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп макулдашышты.